Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты - Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн укуктук негиздерди бекемдөө. Мыйзамда электроэнергетикалык ири өндүрүш куруу үчүн сугат-айдоо жерлерин башка категорияга которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилбестиги белгиленет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.