Саламаттыкты сактоо министри Кара-Суу районундагы аймактык оорукананын иши менен таанышты

Кечээ, 9-январда КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы аймактык ооруканада болду. Анда министр оорукананын кызматкерлери менен жолугушуп, кадрлар жана айлык маселеси, бул тармакта сарпталып жаткан каражатты эффективдүү пайдалануу тууралуу баарлашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр бейтаптарга ыңгайлуу болсун үчүн маалымат базасы боюнча иш алып баргандар көп эмгек сарптоосу керектигин айтты. “Маалымат базасын түзүү - бүгүнкү күндүн талабы. Бардык Саламаттыкты сактоо башкармалыктарында ушул жаатта бул практика колдонулушу керек”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан