Абдырахман Маматалиев: "Өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстары улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен пайдаланылышы керек"

Өкмөттө бүгүн, 10-январда Суу-энергетикалык маселелер боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга төрагалык кылган вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев карала турган маселенин маанилүү экенин белгилеп: "Өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстары улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен пайдаланылышы керек",- деп билдирди. Жыйын жүрүшүндө 2015-жыл президент Алмазбек Атамбаев тарабынан "Улуттук экономиканы чыңдоо жылы" деп жарыяланышы, республиканын суу-энергетикалык ресурстары улуттук экономиканын маанилүү компоненти экени белгиленди. Комиссиянын мурунку жыйынында кабыл алынган протоколдун аткарылышы да талкууланып, жыйынтыгында бардык суу чарба мекемелеринин абалы тууралуу маалыматты толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан