10-январда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “World Press Photo-2014” аталышындагы фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл, Нидерланды Падышачылыгынын консулу Елена Юн, “World Press Photo-2014” көргөзмөсүнүн жетекчиси Эрика Де Крайф жана башкалар катышышты.
Көргөзмөдө фотожурналисттер үчүн уюштурулган "World Press Photo" аттуу сынакта жеңип чыккан, адамга таасир калтырган 140 эмгек орун алды.
"World Press Photo" – фотожурналисттердин тажрыйбалуулугун аныктаган абройлуу эл аралык кароо-сынак. Жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан катышкан дасыккан фотожурналисттердин, агенттиктердин, гезит-журналдардын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарындагы фоторедакторлордон түзүлгөн көз карандысыз калыстар тобу сындан өткөрүшөт.
Эки жума аралыгында калыстар тобу 124 мамлекеттен жөнөтүлгөн 5666 автордун 103 миң фотосүрөтүн караган. 2014-жылдын февраль айында Голландиянын Амстердам шаарында аталган сынактын финалы өткөрүлгөн.
Урунттуу окуяларды чагылдырган жеңүүчүлөрдүн эмгектери коюлган фотокөргөзмө 2 ай бою аталган шаарда орун алат. Андан соң дүйнө жүзүнө саякаттайт. Ага орточо эсеп менен 2 миллион адам күбө болот.
Аталган сынак 1955-жылы Голландия Падышачылыгынын ханзаадасынын колдоосунда көз карандысыз бейөкмөт уюм тарабынан негизделген. Бул уюм көз карандысыз фотожурналистиканы жана маалыматты эркин түрдө алмашууну өз ичине камтыйт.