Бүгүн, 11-январда Франциянын борбору Парижде республикалык "Тилектештик жүрүшү", башкача аталгандай, "Унчукпас жүрүш" өтүүдө. Ага аталган өлкөнүн жетекчилиги жана башка мамлекеттердин башчылары катышууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, террордук кылмыштан курман болгондорду эскерүү иш-чарасына миллиондон ашуун адам чыкты. "Колоннанын биринчи катарында Франциянын президенти Франсуа Олланд, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Италиянын премьер-министри Маттео Ренци, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Евробиримдиктин лидерлери Жан-Клод Юнкер жана Мартин Шульц баратышат. Франциянын ИИМи билдиргендей, жүрүштөгү коопсуздукту 5,5 миң полиция жана аскер кызматкерлери камсыздап жатышат",- деп билдиришти басылмалар.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салышкан. Бул кылмышка шектүү ага-ини Шериф жана Саид Каушилерди кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулуп, жыйынтыгында алардын өлтүрүлгөндүгү айтылган. Террордук акттын эртеси президент Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олландга көңүл айткан. Ошондой эле кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынчтык митингин өткөрүшкөн.