Бакай-Ата районундагы орто мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча кылмыш иши козголду

Бакай-Ата районундагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы аталган райондун Акназаров айыл өкмөтүндөгү орто мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тендер жарыяланып, “А” ишканасы жеңүүчү аталган. Ишкана 2,8 миллион сомго мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө макул болгон. Бирок Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары мыйзамды бузуу менен тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгарып, оңдоп-түзөө үчүн 3,3 миллион сом сунуштаган “А.С.П.” ишканасын жеңүүчү кылышкан. Учурда Талас облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан