Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Бишкек шаарынын Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-январь күнү саат 07:30 чамасында болгон. Анда 1975-жылы туулган В.Иван аттуу айдоочу унаасы менен Элебесов көчөсүндө жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 79 жаштагы К.Вера ошол жерден каза тапкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.