Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 12-январда Социалдык фонддун 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө аталган фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин отчётун угат. Комитет андан сырткары аталган фонддун 2014-жылдагы бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө жана 2015-жылдын бюджети жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жөнүндө мыйзамдын долбоорун талкуулайт.