Кочкор районундагы жол кырсыгынан 5 адам каза таап, 2 адам жабыркады

Кочкор районундагы жол кырсыгынан 5 адам каза таап, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 01:41 чамасында болгон. Анда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында Хонда Степвагон унаасы менен оор жүк ташуучу КамАЗ сүзүшкөн. Анын кесепетинен 5 адам каза таап, 2 адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге Кочкор райондук №42-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kypkyrgyzz
2015-01-12 10:05:23
он рулду автолорду таксовать эткенге тыйуу салуу керек!
+4
aidartegin
2015-01-12 10:55:23
Kypkyrgyzz, Эмдиги жылы сатыка чыгарганга, Аркы жылы айдаганга тыю салынат го...Бирок ага чейри канча кырсык болот??
-1
altai86
2015-01-12 13:28:59
капа болбогула он рулу бар айдоочулар силердин кесепетинерден кунуно олум болуп жатат абайлап айдасанар.
+4
guzatkubaanvar
2015-01-12 16:35:56
Озгочо степвагон айдагандардын козуно эч нерсе корунбойт:(
0
Lenin
2015-01-12 16:52:45
Он руль сол руль бул жерде тийешеси жок. Таксовать кылгандардын кобу жаш балдар, эч кандай тажрыйбасы жок. Жада калса маршруттный такси айдагандарды карасан жап жал балдар, МАИ ушуга коз салыш керек, рульга асылбай. Кобу куболукту сатып алган.
0
adk
2015-01-13 08:13:35
он рулдагылардын тиешеси чон мен мисалы жолдо коп журом .тажырбасы жокторгода тушуном андайлар деле аз эмес
0
Lenin
2015-01-12 16:53:49
Жада калса сурамжылоонун 35,5 пайызы сатып алгам деп жатат. ((((((((((
0
manas_2525
2015-01-12 17:06:12
Он руль бул жерде роль ойнобойт. Прованы сатып алгандарга сол руль эмес автопилотту бар болсо да авария болушу мумкун . Эрежени окуш керек. Прованы сатпай окутсун. Ошондо ин шаа Алла барры жакшы болот.
0
Bakulya79
2015-01-12 19:44:39
Бир гана жай айдаш керек.
0
kumushai-kg
2015-01-12 20:45:26
Оа права сатып алгандар саны канчалагандарды тузот! егзамен болсо жол ержени сактаса! ошондо гана жол кырсыгы болбойт дей албайм себеби! карупсия дегени бар ошонун кесепетери!
+1
chonko.samat7
2015-01-12 23:26:45
кырсык кашкабактын ортосунда дейт .бирок бизде праваны сатып алышат копчулугу. анан он рульду машина биздин жол эрежесне туура келбейт.озунор коруп жатсанар керек аваря болгон машиналар копчулугу он рульду машиналар тузот .
+1
Adilettikenek
2015-01-12 23:28:08
chonko.samat7, туура айтасың
0
Adilettikenek
2015-01-12 23:30:09
Оң руль автоунааларды тезинен Кыргызстандын трассасынан чыгаруу керек! Жанагы жалаңтөш, жалмаңдаган ЖКдагы "жепутаттар" эмнени карап отурушат билбейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан