Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкү аталган унаа жолдун 82-чакырымына (Кара-Көө ашуусу) бүгүн эртең менен түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 600 метр кубду түзөт. Учурда тазалоо иштерине 1 бульдозер тартылды. Азырынча жол жабык.