Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Автомобиль жана суу транспорту агенттиги Салмак-габариттик көзөмөл жана тоннель кызматы менен биргеликте 2014-жылдын 1-30-декабрь күндөрү рейд жүргүздү. Анда өлкө ичинде жана өлкөдөн тышкары оор жүк ташыган 5 миңдей унаа текшерилгени айтылды. Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, рейддин жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында салмак-габариттик нормаларды бузганы үчүн 9 айдоочуга административдик айып салынды. Айыптын суммасы 90 миң сом.
Айып салынган айдоочулардын айрымдары:
Арымбаев Нурлан, 1985-жылы туулган. Кара-Кече - Бишкек багыты боюнча көмүр ташыган жана кармалган күнү унаасына 5820 килограммга ашыкча көмүр жүктөп алганы аныкталган.
Бүркүтов Эртабылды, 1962-жылы туулган. Кара-Кече - Бишкек багыты боюнча көмүр ташыйт, текшерүүчүлөргө кармалган күнү унаасына 8300 килограммга ашыкча көмүр жүктөп алганы аныкталган.