Жети-Өгүз районунда электр мамысы унаанын үстүнө кулап, 1 адамдын өмүрүн алды

Жети-Өгүз районунда электр мамысы унаанын үстүнө кулап, 1 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн түнү Каракол - Бөкөнбаев унаа жолунун 25-чакырымында Тойота Альтеза унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жол жээгиндеги электр мамысын (бетон) сүзгөн. Анын кесепетинен электр мамысы унаанын үстүнөн кулап түшүп, 1992-жылы туулган Николай Чугунов каза тапкан. Ошондой эле унаанын ичиндеги эки жүргүнчү жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurkasym-2014
2015-01-12 10:07:37
Ушул унааны эмнеге катуу ылдамдыкта айдашат.Жетчу жерге кудай буюрса жетет да.Анын устуно биздин жолдор чон ылдамдыка жооп бербейт.Озгочо таксавайт эткендер жон эле адырандатат.Киши салып алып мойнундагы жоопкериликти сезишпейт.Канчалаган айдоочулар канчалаган адамдардын убалына калып калбатышат.
0
kg.sity93
2015-01-12 12:46:34
Жолу кырсыгы кобойду го аз келгенсип.бычактады олтуруп кетти зордуктады деген андан кобойду.мындай боло бере турган болсо кыргыз калбай калчудай..тынчтык болсун.боодо кырсыктан алыс бололу туугандар.туз журуп пейлибизди ондойлу..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан