Баткен: Кулунду-Максат жолундагы эки көпүрөнүн биринин курулушу бүттү

Быйыл өкмөт Баткен облусундагы бир катар унаа жолдоруна асфальт төшөөнү пландап жатат. Алар: Исфана - Ак-Булак унаа жолу (1 чакырым жери оңдолот), Андарак - Көк-Таш унаа жолу (7 чакырым, 2015-жылы 2 чакырымы оңдолот) жана Ош - Исфана унаа жолу (1 чакырым, 336-337-чакырымы). Аймакта курулган көпүрөлөр тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги буларды билдирди: 
"2014-жылга пландалган Кулунду-Максат унаа жолундагы Козу-Баглан дарыясын кесип өткөн көпүрөнү кыргыз тарап куруп бүттү, узундугу 36 метр. Ал эми Гулякандоз каналындагы көпүрөнү тажик тарап курууда, жумуштун 80 пайызы бүтүп калды. Бул көпүрөнүн узундугу 18 метр". 
Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов өткөн аптада Баткен облусуна иш сапары менен барып, жасалган иштерге оң баасын бергени маалымдалды. 
  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан