Панфилов районунда “75 жаштагы пенсионерди өлтүрүп, үйүн өрттөп жиберген” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 2-январында болгон. Анда 1990-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран 75 жаштагы пенсионерди тоноо үчүн үйүнө кирген. Бирок ал акча бербегендиктен, аны сабап өлтүрүп алган. Мындан улам изин жашыруу үчүн үйүн өрттөп жиберген. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.