Хорватиядагы президенттик шайлоодо оппозиция өкүлү Колинда Грабар-Китарович жеңишке жетти

10-январда Хорватиядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда оппозиция өкүлү Колинда Грабар-Китарович жеңишке жетти. 
Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 98 пайызы катышып, добуштардын 80 пайызы саналып бүткөнүн өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жыйынтыгында добуштардын 50,54 пайызы Грабар-Китаровичке, 49,46 пайызы мамлекет башчысы Иво Йосиповичке берилген. Йосипович жеңилгенин расмий түрдө жарыялап чыкты.  
Грабар-Китарович - Хорватиянын 4-мамлекет башчысы. Ал 2005-жылдан 2008-жылга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри болуп иштеген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан