Кыргызстандын мектептеринде 9-14-февраль күндөрүндө "Англис тили жумалыгы" өтөрү жарыяланды

Кыргызстандын мектептеринде быйылкы жылдын 9-14-февраль күндөрү "Англис тили жумалыгы" деп жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, мунун максаты - англис тилине болгон кызыгууну жогорулатуу жана бул багытта билим берүүнүн сапатын көтөрүү. Бир апта бою бардык билим берүү мекемелеринде сынактар, көргөзмөлөр, жолугушуулар, конференциялар жана ачык сааттар уюштурулат. Мындай иш-чаралар 5-11-класстын окуучулары үчүн "Англис тили - эл аралык пикир алышуунун тили" деген темада өтөрү кабарланды.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан