Чылым чегүүгө каршы жаңы күрөш: Кыргызстанда тамеки кутусунун сыртына коркунучтуу сүрөттөр коюла баштайт

Кыргызстанда 2016-жылдын 1-январынан баштап тамеки кутулары коркунучтуу сүрөттөр менен чыга баштайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG`ге билдиришкендей, чылым чегүүнүн зыяны тууралуу тамеки кутуларынын сыртына жайгаштырылчу медициналык эскертүүлөрдүн тизмеси өкмөттүн токтому менен бекитилди. Өкмөт төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Чылымдын зыяны тууралуу тамеки кутуларынын жана таңгактарынын сыртына чапталчу медициналык иллюстрациялык эскертүүлөрдүн тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Экономика министрлиги менен биргеликте 2015-жылдын 1-июнуна чейин ушул токтомго байланыштуу нормативдик актылардын токтомун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтом 2015-жылдын 1-январында (2016-жылдын 1-январынан күчүнө кире турган токтомдун 1-пунктун эске алуу менен) күчүнө кирет. 
4. Бул токтом расмий түрдө массалык маалымат каражаттарынан жарыялоого жатат.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КРнын Өмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.  
Айта кетсек, мындай тажрыйба бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу Казакстанда колдонулат. Кыргызстанда буга чейин тамеки кутуларынын сыртында "Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Тамеки чегүү сиздин ден соолугуңузга зыян" деген жазуу жайгаштырылып келген. Таасирдүүрөөк болушу үчүн эми кутулардын сыртына чылымдын айынан адамдын ден соолугу жабыркай тургандыгын чагылдырган сүрөттөр коюла баштайт.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан