Бишкекте “15 жашар кызды зордуктоого аракет кылган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 31 жаштагы аял кайрылган. Анда ал Дима аттуу бала 15 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылганын айткан. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Ф.Д. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.