Бишкекте тургунду тапанча менен бутка аткан жаран кармалды

Бишкекте тургунду тапанча менен бутка аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ы.А. аттуу тургуну милицияга кайрылган. Анда ал жашы 20-25 чамасындагы белгисиз жигит Исанов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде үч жолу тапанчадан ок атып, анын бири бутуна тийгенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы И.Б. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп, эмне себептен бутка атканы аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан