Ысык-Көл облусунда пенсионерди тоноо максатында үбөлүк менен башка чаап өлтүргөндөр кармалышты

Ысык-Көл облусунда “пенсионерди өлтүргөн” деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-январь күнү саат 19:30 чамасында Каракол шаарында өз үйүндө 71 жаштагы пенсионердин жансыз денеси табылган. Анын киши колдуу болуп каза тапканы аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган И.Н. жана 1990-жылы туулган Д.Р. кармалган. Алардын айтымдарында, өткөн жылдын 28-декабрында тоноо максатында пенсионердин үйүнө конокко барышып, аны үбөлүк менен бир нече жолу башка чаап, үйдөгү акчаны алып кетишкен. Учурда кылмыш иши козголуп, акчанын суммасы аныкталууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2015-01-12 12:38:16
Астахфир Аллах! Кемпир ошол пенсиясынан депта олуп кетебереби, жаштар акылсыз болуп баратат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан