Өзгөн районундагы жол кырсыгынан жөө жүрүүчү каза тапты

Ош облусундагы жол кырсыгынан жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.

Маалыматка караганда, 9-январь күнү саат 17:30 чамасында Өзгөн районунда 32 жаштагы А.Ч. аттуу айдоочу унаасы менен 1990-жылы туулган айымды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Ал эми айдоочу ар кандай жарааттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу мас абалында болгон. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан