Ысык-Ата районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-январь түнү болгон. Анда Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Ч.С. башкарып бара жаткан Тойота Марк унаасы менен Сокулук районунун 20 жаштагы Н.А. аттуу жашоочусунун башкаруусундагы Хонда Инспайр унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу каза таап, экинчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.