Бүгүн, 12-январда президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга министр Баткен облусундагы иш сапары тууралуу: Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жана Ак-Сай - Рават унаа жолдорундагы жүргүзүлүп жаткан иштер, Ош - Баткен - Исфана унаа жолун реабилитациялоонун жүрүшү, Лейлек районундагы стратегиялык мааниге ээ болгон көпүрөлөрдүн курулуштары тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары министр өлкөнүн аймактарын Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад жаңы каттам боюнча бириктирген кошумча унаа жолунун курулушу толук кандуу жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Мамлекет башчы өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон транспорттук долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин белгилеп, министрге 2015-жылга пландалган жумуштарды белгиленген мөөнөттө аткарып, сапат маселесине өзгөчө маани берүү боюнча тапшырма берди.