Аламүдүн районунда каракчылык фактысына шектелгендердин бири кармалды

Аламүдүн районунда каракчылык фактысына шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 24-декабрында милицияга 30 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал жашы 25-30 чамасындагы белгисиз адамдар күч колдонуп, анын 4500 сомун жана 500 долларын алып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдүн бири, 27 жаштагы Арашан айылынын тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан