"Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев мугалимдердин айлыгын 50 пайызга көтөрүү боюнча өкмөткө тапшырма берди". Муну бүгүн, 12-январда каржы министри Ольга Лаврова 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Бул боюнча ички ресурстарды кайрадан карап чыгуу иштери жүрүп жатканын айткан министр: "Кайрадан эсептеп чыгуулар болот. Бажы биримдигине кирүүнүн жыйынтыгы менен берилген акча каражатынан ушул маселени чечүүгө жумшасак да болот. Бул маселе жылдын экинчи жарымында чечилиши мүмкүн",- деп билдирди.
Айта кетсек, буга чейин өкмөт 2015-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлбөй турганын билдирип келген эле.