Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өткөн Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 12-январда билдирди. Маалым болгондой, кармалгандар 11-январда Баткендин Кадамжай районунун аймагынан Өзбекстан тарапка 10 жылкыны алып өтүүгө аракет кылышкан. Ал эми жанында өздүк документтери жок өзбек жарандары Кадамжай ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.