Алмазбек Атамбаев "Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан 12-январда билдиришти. Мыйзамдын максаты - товар алмашуу (бартердик) операцияларга жана кошумча нарк салыгын эсептөө ыкмаларын колдонууга байланышкан бюджетке төлөмдү эсепке киргизүүдө колдоно турган кошумча нарк салыгын эсептөөдөгү так эместиктерди жана карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.

Ошондой эле мыйзам менен киргизилип жаткан түзөтүүлөр 2014-жылдын 1-апрелинен тартып келип чыккан салык укук мамилелерине тиешелүү экендиги белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан