Валерий Белоконь кыргыз өкмөтүнүн 16,5 миллион долларды төлөбөй жаткандыгы боюнча сотко кайрыларын билдирди

Өткөн жылдын 24-октябрында Париждеги Арбитраждык сот Валерий Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16,5 миллион доллар доого жыккан. Учурда Валерий Белоконь кыргыз өкмөтү Париждеги эл аралык арбитраждын чечимин аткарбай жаткандыгы үчүн жогорку инстанциядагы сотко кайрылууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Эске салсак, латвиялык ишкер Валерий Белоконь 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин кыргыз бийлиги борбор калаадагы “Манас” банкын мыйзамсыз тартып алганын жана анын менчик укугун бузгандыгын айтып, эл аралык сотко кайрылган болчу. Соттун чечими менен кыргыз өкмөтү латвиялык ишкерге 16,5 миллион доллар төлөп бермек. Бирок ал акча каражат бүгүнкү күнгө чейин төлөнүп бериле элек. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kama_future_millioner
2015-01-12 16:03:18
Бирөөнүкүн тим эле койбойсуңарбыы албай, андан көрө өзүбүздөө тонолуп жаткан кече жакында аерапортто тоногондоргоо чара колдонбойсунарбыы ж
0
edu.kg
2015-01-12 16:50:08
Мынакей азыркы окмоттун пайдасы.. Бийликке келем деп татту оорунга отурам деп жок жерден доого жыгылып отурат. Мумкун басып алып акчасын талап кетишкендир банктын, жон эле кантип доого жыксын.
0
erikkarakulja
2015-01-12 21:13:07
ООО ХХХ. Точно бийлик болуп алышыптырда Муну уккан инвеститция келбейт Кыргызстана.
0
arisim
2015-01-12 23:27:35
Ушу АшАны Кыргызстандын келечеги учун деп, ХХХ ХХХ ХХХ... Бул карызгоо эчтеке эмес башка мамлекеттер карызын доолай турган болбосунда...
0
admin_portal
2015-01-13 10:26:53
arisim - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөгө тыюу салынат.
0
uulay
2015-01-13 00:03:03
Ой кокуй кун!бирдеме болсо ондросунбу?карызга моюнга чейин батып отурганда
0
Aseltay
2015-01-13 18:52:28
бироонуку бироого буйрубайт элдер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан