Дамира Ниязалиева: "Социалдык тармакта чечүү жолун токтоосуз издеп баштай турган толтура көйгөй бар"

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бүгүн, 12-январда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана социалдык блокту тейлеген мекемелердин башчылары менен жолугушту. Вице-премьер мамлекеттик органдар менен алаканы жакшыртуу үчүн мындай жолугушуулар эми маал-маалы менен өтүп турарын айтып, буларды билдирди: "Социалдык тармакта чечилиши керек болгон көйгөйлөр мага жакшы белгилүү. 2015-жыл үчүн түзүлгөн планды эске алуу менен жумуштун приоритетин аныктап алышыбыз зарыл, антпесе бардык маселени дароо чечүү мүмкүн эмес. Социалдык чөйрөдө азыр жана ушул жерде чечүү жолдорун издеп баштай турган толтура көйгөй бар".  
Жыйында социалдык багыттагы мекемелердин бир жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2015-жылга пландары талкууланганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан