Сокулук районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.
Маалыматка караганда, 9-январь күнү милиция кызматкерлерине 43 жаштагы Новопавловка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 7-январь күнү сат 18:00 чамасында белгисиз адам үйүнө кирип, 14 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.