Бишкекте Кыргызстандын визаларын жасоо жана берүү тартиби боюнча нускаманын жаңы редакциясы сунушталды

Бүгүн, 12-январда Бишкекте Өкмөт үйүндө Кыргызстандын визаларын жасоо жана берүү тартиби боюнча нускаманын жаңы редакциясын тааныштыруу иш-чарасы өттү.
Иш-чара вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилигинин астында өтүп, анда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, ТИМдин Консулдук кызматы боюнча департаменттин директору Арсланбек Үмүталиев жана тиешелүү мекемелердин башчылары катышышты.
Анын жүрүшүндө министр Э.Абдылдаев аталган нускаманын долбоорунун иштелип чыгышы тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, керектүү отчёттук маалыматты түзүү, кардарларды тейлөөнүн мөөнөтүн кыскартуу жана башка жакшыртууларга багытталган.
А.Үмүталиев өз сөзүндө сунушталып жаткан редакцияда визалар "иммиграциялык" (билим алууга, эмгектенүүгө, туруктуу жашоого, ж.б. максаттарга) жана "иммиграциялык эмес" (дипломатиялык, кызматтык, инвестициялык, диний, туристтик ж.б.) деп бөлүнгөндүгүн баса белгиледи.
Кыргызстандын визаларын жасоо жана берүү тартиби боюнча нускаманын жаңы редакциясы тааныштырылган соң катышуучулар талкууну жана пикир алмашууну жабык эшик артында өткөрүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан