Бишкекте милиция кызматкерине кол көтөргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 10-январь күнү болгон. Анда милиция кызматкери эки адамдын урушуп жатканын көрүп, ажыратуу үчүн барган. Бирок алар кызматкерди сөгүп, кийимин айрып, кол көтөрүшкөн. Ошол жерден 35 жаштагы А.Ж. жана 38 жаштагы Б.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда “бийлик өкүлүнө кол көтөрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.