Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты - Кыргызстандын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин, Кылмыш-жаза кодексинин, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" мыйзамынын кээ бир ченемдерин Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына ылайык келтирүү.
Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.