Кыргыз эстрада ырчылары
Данияр Эрматов, Нурлан Насип, Асел Кадырбекова жана КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул
Күмөндөр Абылов Кытайда концерт беришет. Ырчы Данияр Эрматов
SUPER.KG порталына бүгүн, 12-январда билдиргендей, шоу-концерт аталган мамлекеттин Үрүмчү, Кызыл-Суу жана башка шаарларында орун алат.
"Концертти кытайлык кыргыздардын сунушу менен койгону жатабыз. Концертти мыкты өткөрүү үчүн даярданып жүрөбүз. Биз күйөрмандарды ырдап сүйүнтсөк, Күмөндөр агабыз күлкү сунат. Буюрса, үч күндөн кийин учуп кетебиз. Бул мамлекетке биринчи жолу барам. Кытайлык туугандарыбызга өнөрүмдү көрсөтөм деп толкунданып жүрөм",- дейт Данияр Эрматов.