Кыргызстандын республикалык бюджетине 2014-жылы 93 миллиард сом киреше түштү

2014-жылы республикалык бюджетке түшкөн кирешелер (атайын каражаттарды кошпогондо) 93 миллиард 622 миллион 900 миң сомду түздү же план 102,9 пайызга аткарылды. Муну каржы министри Ольга Лаврова 12-январда жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 2013-жылга салыштырмалуу кирешелердин көрсөткүчү 15 миллиард 203 миллион сомго көбөйгөн.  

"Салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 70 миллиард 907 миллион 600 миң сомду түздү же план 101,3 пайызга аткарылган. Бул сумма 2013-жылга салыштырмалуу 8 миллиард 493 миллион 300 миң сомго көп. Мамлекеттик бажы кызматы боюнча түшкөн киреше 42 миллиард 555 миллион 500 миң сомду түздү же план 101,1 пайызга аткарылды.

Мамлекеттик салык кызматы боюнча түшүү 28 миллиард 352 миллион 200 миң сомду түздү же план 101,6 пайызга аткарылды",- деп билдирди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан