Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулду

Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасы Куттубай Тургунбаевдин ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 10-январда кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат: Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалган жана Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Куттубай Тургунбаевдин ыйгарым укуктары 2015-жылдын 10-январынан баштап токтотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан