Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-январда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алып, тараптар энергетика тармагында 2014-жылы жасалган иштерди талкуулашты. Өкмөт башчы аталган министрликтин ишин канааттандырарлык деп баалап, энергетикадагы оор кырдаал боюнча элге туура маалымат жеткирилгенин белгиледи.
"Коомчулук тарабынан көптөгөн нааразычылыктар болгонуна карабай быйылкы кышкы сезон татаал болору тууралуу элге туура эскертүү бере алдык. 2013-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу 20 пайызга төмөндөдү. Бул жарандардын, мекемелердин электр энергиясын үнөмдөөгө өткөнүн билдирет. Мындай тажрыйба дүйнөнүн бардык өлкөсүндө бар",- дейт премьер.
Оторбаев быйыл электр энергиясын өндүрүүдө кыйынчылыктар болбош үчүн Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө зарылдыгын айтты.
Өлкөнүн энергетика тармагына инвестиция тартуу керектигине токтолгон премьер-министр: "Газпром" ишканасынын өлкө рыногуна кириши абдан маанилүү кадам болду. Министрлик инвестициялык программаларды ишке ашырууну тездетүүсү жана насыя тартуунун үстүнөн иштеши шарт. Биз инвестиция тартуу боюнча бардык мүмкүнчүлүктү энергетикага багыттап жатабыз, сиздин милдет - аны эффективдүү башкаруу",- деп билдирди.