"Кыргызстанга 3 эле министрлик керек, алар: Айыл чарба министрлиги, Тоо-кен-энергетика министрлиги жана Туризм министрлиги". Бул сөздү ЖКнын 6-февралдагы жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков айтты. “Пайдасы жок 14-15 министрликти түзүп алып отурабыз. Аталган 3 министрликти гана түзүп, калганын ушул министрликтердин ичине киргизүү керек”,- деди депутат. Келдибеков ошондой эле 23 жылдан бери айыл чарба тармагында көптөгөн ойлор, сунуштар айтылып, программалар иштеп, бирок эч кандай пайда чыкпаганын кошумчалады.