Түштүк аймакта социалдык түйүндөр аркылуу "Хизбут-Тахрир" уюмуна тартуу менен алектенип жүргөн жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан экстремисттик мүнөздөгү чакырыктар жана согуш жүрүп жаткан аймакка чакыруулар менен алектенген 3 жаран аныкталган.
"Иликтөө иштеринин алкагында Ош облусунун Араван районунун 46 жаштагы Т.Х., Ноокат районунун 54 жаштагы М.А. жана Кара-Суу районунун 37 жаштагы Т.М. аттуу жараны кармалган. Алар экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды таратып, социалдык түйүндөр аркылуу "Хизбут-Тахрирге" жана ушул сыяктуу уюмдарга кошулуп, өзүнчө кыймылды ачууну сунуштоо менен алектенип келишкен. Ошондой эле аталган жарандар катталган социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында согушка чакырган жазуулар жана ошол сыяктуу видеоматериалдар да жайгаштырылган" деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалгандарга карата чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө.