Лос-Анжелесте кинематография жана телевидение жаатында иш алып баргандарга “Алтын глобус” 72-сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлдү. Чет элдик басма сөз каражаттары бүгүн, 12-январда жазып чыгышкандай, "Мыкты фильм" наамын “Отрочество” тасмасы жеңип алды. "Мыкты комедия" деп "Отель "Гранд Будапешт" фильми табылса, “Чет тилиндеги мыкты тасма” номинациясы “Левиафан” фильмине ыйгарылды.
"Мыкты драмалык актриса" наамы Жулианна Мурга ыйгарылды. Ал эми Эдди Редмэйн мыкты актёр аталды.
Ошондой элде актёр Жорж Клуниге Сесил Демиллдин сыйлыгы кинематография индустриясына кошкон салымы үчүн тапшырылды.
Мындан тышкары төмөнкүлөр сыйланышты:
“Мыкты комедиялык сериал” - “Очевидное” тасмасы;
“Мыкты драмалык сериал” – “Любовники” тасмасы;
“Мыкты кичи сериал” – “Фарго”;
“Тасманын мыкты музыкасы” - Йохан Йоханнссондун «Теории всего» тасмасынын саундтреги;
“Мыкты ыр” - Жон Ледженд жана Common “Сельма” тасмасына жазылган “Glory” композициясы.
"Алтын глобус" сыйлыгы 1944-жылдан бери Чет элдик басма сөз каражаттарынын ассоциациясы тарабынан жыл сайын тапшырылып келет. Ага Голливудда иштеген 90го жакын эл аралык журналисттер кирет. Бул "Оскар" сыйлыгынан кийин экинчи орунда турат.