2014-жылы өлкө аймагында 177 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 62 адам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы жер титирөө боюнча - 1, кар көчкү - 52, жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсү - 5, катуу шамал - 14, чоң өрт кырсыктары - 17, жер көчкү - 3, муз тоңуу - 7, катуу жааган кар - 11, сел - 42, таш кулоо - 4, мөндүр - 6, жердин чөгүүсү - 2, түтүнгө уулануу - 1, жол кырсыгы - 8, жарылуу - 1, 3 аскердик кокустук катталган. Ошондой эле өткөн жыл ичинде КРнын ӨКМнын Өрттөн сактоо-куткаруу кызматтары тарабынан куткаруу иштерине 1063 чыгуу болсо, өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн чыгууларынын саны 4478ге жеткен.