Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке эл аралык издөө жарыяланды

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу чек элдик маалымат каражаттары кечээ, 12-январда жазып чыгышты.

Интерполдун сайтындагы маалыматка караганда, Виктор Янукович “мамлекеттик мүлктү менчиктеп алган жана казынага уюшкан кылмыштуу топтун курамында чоң өлчөмдө чыгым келтирген” деп айыпталууда. Ошондой эле экс-президент менен бирге анын өкмөтүндөгү адамдар, уулу Александр Янукович да эл аралык издөөгө алынган.

Айта кетсек, Виктор Янукович 2014-жылдын 26-февралында анын бийликтен кетүүсүн талап кылган баш аламандыктардан улам өлкөдөн чыгып кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан