"Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баасы төмөндөөнү улантууда. 13-январда лондондук ICE биржасында (Бишкек убактысы боюнча саат 07:00дө) аталган үлгүдөгү мунайдын баррели 1,5 пайызга төмөндөп, 46,72 долларга чейин түшкөнү чет элдик маалымат булактары аркылуу жарыяланды. WTI үлгүсүндөгү мунайдын баррели 1,39 пайызга арзандап, 45,43 долларга түштү. Бул 2009-жылдан бери катталган эң төмөнкү баалар.
Мунайга болгон баалардын мындай түшүшү АКШда жаңы мунай кендеринин ачылганы тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу болуп жатканын айтышат адистер. Фьючерстик рыноктун өкүлдөрү аталган кендерден кошумча мунайдын келерин күтүшүүдө.
Эксперттердин айтымында, жакынкы үч ай аралыгында "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баасы 42 долларга, WTI үлгүсүндөгү мунайдын баррели 41 долларга түшөрү күтүлүүдө. Бирок мунайдын арзандашы Кыргызстандагы бензин бааларына олуттуу таасир тийгизе албай жатат (толугураак
бул жакта).
Эскерте кетсек, "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баррели 2014-жылдын 15-декабрында 63 доллар болчу.