Бишкекте доллардын курсу көтөрүлүүдө. Борбор шаардагы акча алмаштыруу жайларында бүгүн, 13-январга карата 1 долларды сатып алуу 59 сом 80 тыйын болсо, сатуу 60 сом 70 тыйынга чыкты. АКШ валютасынын бул көрсөткүчкө чыгышы Кыргызстанда алгачкы жолу катталып жатат. Ал эми орус валютасынын курсу төмөндөп, 1 рублду сатып алуу 94 тыйынга бааланса, сатуу 98 тыйындын тегерегинде болууда.