12-январда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева "Ата-Бейит" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиеваны кабыл алды. Жолугушууда вице-премьер жаңы кыргыз тарыхынын эң кайгылуу барактарын ачыкка чыгарууга жасаган эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.
"Сизге, сиздин эрдигиңизге байланыштуу советтик сырлардын бирин ачыкка чыгара алдык. Күнөөсүз репрессияланып, кийин атылып кеткен кыргыздын чыгаан уулдары Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановдун сөөктөрү көмүлгөн жерди таптык. Репрессияланган адамдардын өлүмүнүн жалгыз күбөсү катары сиз бул сырды көп жылдар бою катып жүрдүңүз, куугунтук болушу мүмкүндүгүнөн улам аны айта алган жоксуз. Сиз мекендештериңизге алыста калган окуялар тууралуу айтып берип, тарыхый окуя кайрылып келгени үчүн ыраазымын",- деди Ниязалиева.
Б.Кыдыралиеванын балдары жана өз үйү жок экенин, учурда туугандарынын балдарынын үйүндө жашап жатканын эске алуу менен премьер-министр Жоомарт Оторбаев ага 50 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам берүү тууралуу чечим кабыл алганын өкмөттөн кабарлашты.
Акчаны тапшырган Д.Ниязалиева Б.Кыдыралиевага бекем ден соолук, узак жашоо каалады. Айта кетсек, Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы туулган. 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары болгон жогоруда аталган инсандар баштаган 137 адамдын сөөгү жаткан "Ата-Бейитти" ачкан.