Нарындын Орток айыл өкмөтүнө спортзал куруу сунушу парламент депутатына айтылды

Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Миртемир Турдалиев жана Таш-Башат айылдык кеңешинин депутаттары 12-январда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушту. 

Жолугушууда алар Орток айыл өкмөтүнө караштуу төрт айылдын мектептеринде спортзалдар курулбаганын, окуучулар, айыл жаштары үчүн дене тарбия саатын өтүү, спорт менен машыгуу кыйынчылык жаратып жатканын айтыштыТурсунбеков көйгөй менен тааныш экенин билдирип, муну өкмөт менен бирге карап чыгарын билдирди. 

2012-жылы аталган айылга спорттук комплекс куруу сунушу республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренесине кирип, долбоору чийилген, бирок акча тартыштыгынан курулуш иштери баштала электиги айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан