Борбордо уурулукка шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкектин 30 жаштагы С.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал анын Айка аттуу чала таанышы үйүнөн 12 миң сомун уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында дагы ушул сыяктуу 2 кылмышка шектүү катары 27 жаштагы А.Салтанат аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.