Кадамжай районунда жаңы салынып жаткан ооруканадан өрт чыкты

Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарындагы Больничная көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан шаардык ооруканада өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, өрт жаңы салынып жаткан имараттын жер төлөсүнөн саат 16:44 чамасында чыккан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер төлөдөн суу өткүс кылынып чайыр менен майланган калың картон кагаздар (толь) күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kgmiko
2015-01-13 13:07:46
Жоопкерчиликтин жоктугун байкасанар болот!
0
kumushai-kg
2015-01-13 20:35:59
Оада иштен алмаштырып сала берсе ушундай иш болбойт давай алмаштырып салгыла бир иш тура емес болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан