Өткөн суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, Ат-Башы районунда 9 тонна чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен үйдүн короосунда жыйылып турган 9 тонна чөп толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле борбордогу Көк-Жар жаңы конушунун Куйручук көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Иликтөө иштеринин натыйжасында өрттүн келип чыгуусуна мешти пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгону аныкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан