Жайыл районундагы жер мыйзамынын одоно бузулушу боюнча кылмыш иши козголду

Жайыл районундагы жер мыйзамынын одоно бузулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.

Маалыматка караганда, Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2014-жылдын 24-сентябрдагы токтомуна ылайык, Кара-Дөбө айылындагы запастагы 52 гектар жер тилкеси калктуу конуштардын категориясына киргизилген. Бул жерде Кыргызстандын Жер кодекси одоно бузулган. Мындан улам аталган жер тилкеси турак жай куруу үчүн жеке жактарга берилген. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан